Биз менен байланышыңыз

Депутат Дастан Бекешев тергөө абагындагы Темир Сариевди көрүп чыкты

Кыска кабар | 18 Авг 2021 | 305 | 0

Депутат Дастан Бекешев «Кумтөр» ишине байланыштуу УКМКнын тергөө абагына камакка алынган мурдагы өкмөт башчы Темир Сариевди көрүп чыкты. Бул тууралуу ал телеграм-каналында билдирди.

Ал Сариевге Рим императору Марк Аврелийдин «Өзүм менен өзүм» китебин берген.

«Ден соолугун сурадым. Ал өзүн сергек сезип жатат. Арийне, ден соолугу өтө идеалдуу эмес. Спорт менен алектенүүгө аракет кылып жатат, маанайы жакшы», — дейт ал.

Белгилей кетсек, Темир Сариев 3-августта кармалган. 4-августта Биринчи май райондук сотунун чечими менен 30-сентябрга чейин УКМКнын тергөө абагына камакка алынган. УКМК Сариев экономика министри жана тиешелүү мамлекеттик комиссиянын төрагасы болуп турган учурда «Кумтөр» кенинин ишинен экологияга келтирилген зыянды азайтып көрсөткөнүн жана анын айынан мамлекет ири өлчөмдөгү чыгымга учураганын билдирген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM