Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандык жаш балбан кыз Дүйнө чемпионатында алтын үчүн күрөшөт

Кыска кабар , Спорт | 18 Авг 2021 | 427 | 0

Кыргызстандык балбан кыз Калмира Билимбек кызы (55 кг) жаштар арасындагы күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында финалга өттү.

Калмира Билимбек кызы 1/8 финалда Монголиянын балбан кызы Мунхгерел Мунхбатты 6:4, ал эми чейрек финалда АКШдан келген балбан кыз Пэйтон Жен Струдду 10:0 эсебинде утуп, жарым финалдык баскычка өткөн.

Ал жарым финалда орусиялык Анастасия Яндушкина менен күрөшүп, кармаштын биринчи бөлүгүндө эле атаандашынын далысын килемге басып, таза жеңишке жетти.

Эми Калмира Билимбек кызы эртең, 19-августта финалда Беларусь балбаны Алеся Гетманава менен күрөшөт.

Белгилей кетсек, эркин, грек-рим жана кыз-келиндер күрөшү боюнча жаштар арасындагы Дүйнө чемпионаты Башкыртстандын борбору Уфа шаарында өтүүдө. 16-августта башталган чемпионат 22-августта жыйынтыкталат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM