Биз менен байланышыңыз

Эгемендиктин 30 жылдыгына карата Ош шаарында спорттук мелдештер өткөрүлөт

Кыска кабар , Спорт | 18 Авг 2021 | 365 | 0

Ош шаарында Эгемендиктин 30 жылдыгына карата бир нече спорттук мелдеш өткөрүлөт. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынан билдиришти.

Мелдештер шаардык дене тарбия жана спорт комитети тарабынан уюштурулат.

Мелдештер өтө турган күндөр жана спорттун түрлөрү:

— 19-август күнү мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер арасында «Футбол жана сууда сүзүү» спорт мектебинде (Дельфин бассейни) сууда сүзүү боюнча жарыш;

— 21-августта Манас-Ата кичи шаарчасындагы спорт комплексинде мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер арасында волейбол боюнча мелдеш;

— 30-31-август күндөрү бардык каалоочулар үчүн теннис боюнча мелдеш;

— 31-августта борбордук аянтта күрөш, аркан тартыш, гиря көтөрүү жана кол күрөш, шаардагы сейил бактарда (Т. Сатылганов жана А. Навои) тогуз коргоол, ордо жана шахмат боюнча мелдештер өткөрүлөт.

Жеңүүчүлөргө баалуу белектер каралган. Маалымат алуу үчүн 0555 402 005 (Фарух Сыдыков) номерине байланышууга болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM