Биз менен байланышыңыз

Улуу Британия 20 миңге жакын ооган качкынын кабыл алат

Дүйнө , Кыска кабар | 18 Авг 2021 | 1400 | 0

Улуу Британия 20 миңге жакын ооган качкынын кабыл алат. Бул тууралуу өлкөнүн ИИМ башчысы Прити Пател билдирди.

Министр Европа Биримдиги менен башка мамлекеттерди ооган качкындарын кабыл алууга чакырды.

«Биздин ооган жарандарын көчүрүү программабыз 20 миңге жакын адамды кабыл алууга шарт түзөт. Алгачкы 5 миң киши жыл ичинде келет», — деген ал.

Прити Пател бул маселе боюнча өлкөнүн өкмөт башчысы Борис Жонсон өз өнөктөштөрү, анын ичинде Германиянын канцлери, Франциянын президенти, НАТО жана БУУнун башкы катчылары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнүн билдирди.

15-августта «Талибан» кыймылы Кабулду өз карамагына өткөргөн. Учурда талибдер Ооганстандын бардык аймагын ээлеп алды. Алар Ооганстанда «Ислам эмиратын» түзүүнү пландоодо.

Талибдер Кабулду ээлегенден кийин чет мамлекет Ооганстандагы жарандарын, айрымдары элчиликтерин да чыгарып кетүүдө. Андан тышкары батыш мамлекеттерине жардам берген, мамлекеттик кызматтарда иштеген ооган жарандары сыртка кетүүгө аракет кылууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM