Биз менен байланышыңыз

Гаитиде жер титирөөдөн каза болгондордун саны дээрлик 2 миң адамга жетти

Дүйнө , Кыска кабар | 18 Авг 2021 | 696 | 0

Гаитиде 14-августта болгон жер титирөөнүн кесепетинен каза тапкандардын саны 1 миң 941 адамга жетти.

Жаратылыш кырсыгынан 9,9 миң адам жабыркаган. Жер силкинүүнүн айынан 60 миңден ашык үй кыйрап, дагы 76 миң имарат жабыркаган.

Европа Биримдиги Гаитиге гуманитардык жардам катары 3 млн евро бөлдү. Ал каражат кырсыктын кесепетин жоюу иштери менен алектенип жаткан гуманитардык уюмдар арасында бөлүштүрүлөт.

Буга чейинн БУУ да жер титирөөдөн жабыркагандарга 8 млн доллар бөлөрүн билдирген.

Мындан 11 жыл мурда, 2010-жылы Гаитиде катуу жер силкинүү болуп, анда 200 миңден ашык киши каза болгон.

БУУ Гаитиде жер титирөөдөн жабыркагандарга 8 млн доллар бөлөт

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM