Биз менен байланышыңыз

БУУ Гаитиде жер титирөөдөн жабыркагандарга 8 млн доллар бөлөт

Дүйнө , Кыска кабар | 16 Авг 2021 | 409 | 0

БУУ Гаитиде жер титирөөдөн жабыркагандарга 8 млн доллар бөлөт. Бул тууралуу 15-августта БУУнун башкы катчысынын гуманитардык маселелер боюнча орун басары Мартин Гриффитс билдирди.

Ал каражат кырсыктан жабыркагандарды медициналык жардам, таза суу, убактылуу башпаанек менен камсыз кылуу, санитардык-профилактикалык иштерге жумшалат.

Белгилей кетсек, Гаитиде катуу жер титирөө 14-августта болуп, кырсыктан каза тапкандардын саны 1 миң 300гө жакындады. 1,5 миңге жакын имарат кыйрап, 5 миңден ашыгы жабыркады. Кеминде 5 миң 700 киши жаракат алган. Кырсыктан тарткан зыяндын өлчөмү эсептелүүдө.

Мындан 11 жыл мурда, 2010-жылы Гаитиде катуу жер силкинүү болуп, анда 200 мңден ашык киши каза болгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM