Биз менен байланышыңыз

Талас менен Нарында жол кырсыгы болуп, 6 адам жабыркады

Кыска кабар | 18 Авг 2021 | 213 | 0

Талас менен Нарын облустарында жол кырсыгы болуп, 6 адам жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Нарында «Бишкек – Нарын – Торугарт» жолунун 437-чакырымында (Ат-Башы району) Toyota Sequoia унаасынын айдоочусу рулду башкара албай калып, жолдон чыгып, оодарылып кеткен. Кырсыктын кесепетинен төрт адам, анын ичинде 15 жаштагы өспүрүм бала жеңил жаракат алган.

Талас облусунун Чат-Базар айылында «Дэу Матиз» жана «Ауди С4» унаалары кагылышып, анда эки адам, анын ичинде 12 жаштагы өспүрүм жаракат алган.

Жерине келген куткаруучулар жабыркаган адамдарды унаадан чыгарып, тез жардам кызматына өткөрүп берген.

Нарында болгон жол кырсыгы

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM