Биз менен байланышыңыз

Орусияда аскердик-транспорттук учак кулап, 3 адам каза болду

Дүйнө , Кыска кабар | 17 Авг 2021 | 477 | 0

Бүгүн, 17-августта Орусиянын Москва облусунда Ил-112В аскердик-транспорттук учагы жерге кулап, андагы экипаждын үч мүчөсү тең каза болду. Бул тууралуу Орусиянын бириккен авиакурулуш корпорациясы билдирди.

Учактын жерге кулаган учурун окуянын күбөлөрү тасмага түшүрүп калган. Тасмада көрүнгөндөй, учактын оң канатынан жалын чыгып, көп өтпөй ал жерге кулаган. Учак жерге кулап түшкөндөн кийин жарылып, толугу менен күйүп кеткен.

Аталган учак Воронеждеги авиациялык заводдо чыгарылган. Ал Москва облусунда 22-28-августта өтө турган «Армия-2021» VII эл аралык аскердик-техникалык форумда көрсөтүлмөк.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM