Connect with us

Орхан Инандынын уурдалышы боюнча чек ара кызматкерлерине иш козголду

Кыска кабар | 17 Авг 2021 | 2238 | 1

«Сапат» билим берүү мекемелеринин президенти Орхан Инандынын уурдалышы боюнча чек ара кызматкерлерине иш козголду. Бул тууралуу «Маралга» жактоочу Таалайгүл Токтакунова билдирди.

Орхан Инандынын Түркияда экени маалым болгондон кийин Токтакунова ал Кыргызстандын чек арасынан кандай жол менен чыкканын билүү үчүн Аскер прокуратурасына кайрылган.

«Чек арадан мыйзамдуу өтсө, соттун чечимин бергиле. Андай болбосо, Чек ара кызматы чек арадан өтүп кетишине кантип жол берди?» деген арыз менен июлдун башында кайрылгам. Азыр Аскер прокуратурасынан чек арачыларга «чек арада кызмат өтөө эрежелерин бузуу» жана «шалаакылык» беренелери боюнча иш козголуп, ал иштер каралып жатат деген жооп келди», — деди ал.

Эскерте кетсек, Орхан Инандыны 31-майдан 1-июнга караган түнү белгисиз адамдар уурдап кеткен. Ал бир айдан ашык убакыттан бери дайынсыз болуп жаткан. 5-июлда Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган алардын чалгын кызматы Орхан Инандыны кармап, Түркияга алып келгенин билдирген. Ага байланыштуу 6-июлда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Түркиянын элчиси Ахмет Доганга каршылык нотасын тапшырган. Президент Садыр Жапаров Кыргызстан Түркиядан Орхан Инандыны кайтарып беришин талап кыларын айткан.

Инандынын айтымында, аны үч кыргызстандык уурдап, Түркияга чыгарып кетүүгө жардам берген.

Ал Түркияда «куралдуу террордук уюмду башкарууга» айыпталууда. Адвокаттын айтымында, учурда Инандыга козголгон кылмыш иши менен таанышуу жүрүп жатат. Прокуратура аны 22 жылга чейин эркинен ажыратууну сураган. Алгачкы сот отуруму 16-cентябрга белгиленген.

1 пикир

1 пикир

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM