Биз менен байланышыңыз

Талибдер аялдардын телеберүүлөрдү алып баруусуна уруксат берди

Дүйнө , Кыска кабар | 17 Авг 2021 | 1271 | 0

«Талибан» кыймылы аялдардын телеберүүлөрдү алып баруусуна уруксат берди. Бул тууралуу TOLOnews телеканалынын жаңылыктар бөлүмүнүн жетекчиси Мирака Попал билдирди.

«Бүгүн аял алып баруучулар менен эфирлерибизди уланттык. Биздин алып баруучу «Талибандын» медиа тобунун мүчөсү менен маек куруп жатат», — деп жазган ал «Твиттерге».

Кечээ талибдер TOLOnews телеканалына келген. Алар күзөтчүлөрдүн куралын текшерип, коопсуздукту өздөрү карай турганын айтып, куралды алып койгон.

Адатта талибдер аялдарга боёнууга, коомдук жайларда бети ачык жүрүүгө, ошондой эле музыкага, телекөрсөтүүгө жана киного тыюу салып келет. Белгилүү болгондой, «тил албагандар» үчүн жаза каралган.

15-августта «Талибан» кыймылы Кабулду өз карамагына өткөргөн. Учурда талибдер Ооганстандын бардык аймагын ээлеп алды. Алар Ооганстанда «Ислам эмиратын» түзүүнү пландоодо.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM