Биз менен байланышыңыз

Өзбекстан чек араны бузуу аракеттерине катуу чара көрөт

Дүйнө , Кыска кабар | 17 Авг 2021 | 746 | 0

Өзбекстан чек араны бузуу аракеттерине катуу чара көрөт. Бул тууралуу өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги Ооганстандагы кырдаалга байланыштуу билдирди.

Министрлик Өзбекстан Ооганстандагы кырдаалга көз салып жатканын, андагы күчтөрдүн өкмөттү түзүү тууралуу билдирүүсүн колдоого аларын белгилейт.

Учурда Өзбекстандын Кабул жана Мазари-Шарифтеги дипломатиялык өкүлчүлүктөрү кадимки тартипте иштеп жатат.

Министрлик белгилегендей, өзбек тарап чек араны коргоо жана чек ара аймагында тынчтыкты сактоо маселелери боюнча «Талибан» кыймылынын өкүлдөрү менен тыгыз байланышта болууда.

«Мамлекеттик чек араны бузуу аракеттерине Өзбекстандын мыйзамдарына ылайык катуу бөгөт коюлат», — деп билдирет министрлик.

Эскерте кетсек, 14-15-августта Ооганстандын 22 аскер учагы жана 24 тик учагы Өзбекстандын аймагына мыйзамсыз өткөн. Алар Термездеги аэропортко мажбурланып кондурулган. Учактарда 585 аскер кызматкери бар болгон.

Ошондой эле 15-августта Ооганстандын бир учагы Өзбекстандын аймагында кулаган.

Ошол эле күнү 158 ооган жараны жана аскери Өзбекстанга мыйзамсыз өткөн.

15-августта «Талибан» кыймылы Кабулду өз карамагына өткөргөн. Учурда талибдер Ооганстандын бардык аймагын көзөмөлдөп жатат. Алар Ооганстанда «Ислам эмиратын» түзүүнү пландоодо.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM