Биз менен байланышыңыз

Ысык-Көлдө жол кырсыгынан 5 адам каза болуп, 10 адам жабыркады

Кыска кабар | 17 Авг 2021 | 1328 | 0

«Бишкек-Нарын-Торугарт» унаа жолундагы Кубакы ашуусунун Тоң районуна караган тилкесинде KG 081 ASV номерлүү «Мерседес-Бенс-Спринтер» жүргүнчү ташыган унаасы менен 04 KG 974 ADG номерлүү «МАН» жүк ташыган унаасы кагылышып, 5 адам каза таап, 10 адам жаракат алган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Учурда каза болгон жана жабыркаган жарандардын аты-жөнү такталууда.

Жерине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Балыкчы шаардык бөлүмүнүн 4 куткаруучусу тартылып, тиешелүү иштер жүргүзүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM