Биз менен байланышыңыз

Орус элчиси: Ашраф Ганинин учуруна караганда талибдердин тушунда кырдаал жакшыраак

Дүйнө , Кыска кабар | 17 Авг 2021 | 1214 | 0

Талибдер келген биринчи күндө Кабулдагы кырдаал президент Ашраф Ганинин тушундагыга караганда жакшыраак болууда. Бул тууралуу Орусиянын Ооганстандагы элчиси Дмитрий Жирнов билдирди.

«Мен алар Кабулду алган биринчи күндү карап айтып жатам. Жакшы тассирлер калды. Азыр Кабулдагы кырдаал Ашраф Ганинин убагына караганда жакшы. Башкача айтканда, Ганинин башкаруу учуруна салыштырмалуу террорчу талибдердин тушунда кырдаал жакшыраак болууда», — деген ал.

Элчи «Талибан» кыймылынын өкүлдөрү менен бүгүн, 17-августта боло турган жолугушуусунда Орусия элчилигинин коопсуздугуна арналган маселени кароодо тил табыша аларына ишенерин билдирген.

Анын айтымында, борбор калаадагы кырдаалды өз көзү менен көрүү үчүн ал талибдер менен шаарды кыдырып чыгат. Талибдер элчини каалаган жерине алып барууга макул болгон.

Мындан мурда Жирнов элчилик кадимки тартипте иштеп жатканын, анын коопсуздугу үчүн «Талибан» кыймылы кепилдик бергенин билдирген.

Учурда «Талибан» кыймылы Ооганстандын бардык аймагын басып алып, өз көзөмөлүнө алган. Президент Ашраф Гани өлкөдөн чыгып кеткен. Талибдер Ооганстанда «Ислам эмиратын» түзүүнү пландоодо.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM