Биз менен байланышыңыз

Бакиров: «Мегакомду» сатуу үчүн атайын комиссия түзүлөт

Кыска кабар | 17 Авг 2021 | 245 | 0

«Альфа Телеком» ЖАКын (Мегаком) сатуу үчүн атайын комиссия түзүлөт. Бул тууралуу «Кабар» агенттигиндеги маалымат жыйында Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Мирлан Бакиров билдирди.

Ал мындан мурда «Мегакомду» сатууга аракеттер болуп келгенин, бирок кардар чыкпагандыктан, сатылбай калганын айтып өттү. Бакиров бул ирет компанияны сатып алууга Улуттук Банк катышуусу мүмкүн экенин белгиледи.

«Жогорку Кеңештин токтомуна ылайык «Альфа Телеком» «Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү» программасына киргизилген. Сатыкка чыгарылганга чейин ал кайра бааланат. Ал стратегиялык объект болгондуктан, атайын комиссия түзүлөт. Бардык процедуралар ачык-айкын болот», — деди ал.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM