Биз менен байланышыңыз

Түркмөнстан элден «аяган» электр энергиясын Кыргызстанга сатып жатат

Кыска кабар | 17 Авг 2021 | 552 | 0

Түркмөнстан Кыргызстанга электр энергиясын сатып жатканда, өлкөнүн өзүндө жарык маал-маалы менен өчүрүлүүдө.

Түркмөнстандын Мары облусунун шаарларында жарык ар бир 30-60 мүнөт сайын, айылдарында кезек-кезеги менен өчүрүлүүдө: биринчи күнү бир айылда, экинчисинде башка айылда жок болууда.

Ошондой эле Лебап облусунун Фарап районунда да жарык күн сайын өчүп жатат.

Белгилүү болгондой, Кыргызстан август айынан декабрь айына чейин Түркмөнстандан 501,9 млн кВт/саат электр энергиясын сатып алат. 9-августка карата анын 19,2 млн кВт/сааты экспорттолгон.

Кыргызстан акыркы айларда Түркмөнстандан электр энергиясын сатып алып жаткан экинчи өлкө болууда. Июнь айынын башында түркмөнстандык ММКлар коңшу Иранга сентябрь айына чейин электр энергиясы сатыларын жазган.

Түркмөнстан Кыргызстан менен Ирандан тышкары Ооганстанга да электр энергиясын сатат.

Мындан улам Түркмөнстанда электр энергиясынын кубаты аз болуп, эл муздаткыч, кондиционер сыяктуу электр жабдууларын колдонууга мүмкүн болбой турат. Жарык кокустан өчүрүлгөндүктөн көчөдөгү жол чырактар иштен чыгып, айдоочулар үчүн да кооптуу жагдай жаралууда.

Белгилей кетсек, Кыргызстан Түркмөнстандан электр энергиясынан тышкары жашылча-жемиш, керамика буюмдарын да сатып алууда.Бул келишим президент Садыр Жапаровдун июнь айынын аягында Ашхабадга жасаган расмий сапарынын алкагында түзүлгөн.

Кыргызстан Токтогул суу сактагычында суу аз болгондуктан жана анда жетиштүү суу топтолушу үчүн сырттан электр энергиясын сатып алууга мажбур болууда. Буга чейин Кыргызстан Казакстан жана Өзбекстандан электр энергиясын алууну макулдашкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM