Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда «Оскар» сыйлыгына арыз кабыл алуу башталды

Кыска кабар | 17 Авг 2021 | 200 | 0

Кыргызстандын «Оскар» комитети тасмаларын Америка кинематография искусствосу жана илим академиясынын XCIV (94) «Оскар» сыйлыгына көрсөтүүнү каалаган режиссёрлордун арыздарын кабыл алып баштады.

Кыргызстандан тандалып алынган тасма «Оскар» сыйлыгына «Эл аралык толук метраждуу мыкты тасма» (International Feature Film) категориясы боюнча көрсөтүлөт.

Арыздарды кабыл алуу 13-31-август күндөрү жүргүзүлөт. Бул аралыкта комитет кинематографисттер үчүн тасмаларды кароого сунуштоо маселелери боюнча кеңеш берет.

Кыргызстандын атынан көрсөтүлө турган тасмага коюлган талаптар:

1. Толук метраждуу көркөм, даректүү же анимациялык тасма болушу шарт (40 мүнөттөн кем эмес);

2. Кинотеатрларга 2021-жылдын 1-январынан 2021-жылдын 31-декабрына чейин чыккан тасма болушу керек.

Тандап алуу убактысы:

— 16-августтан 16-сентябрга чейин – катышуу тууралуу арыздарды кабыл алуу (shaboto@mail.ru);

— 18-19-сентябрь – тандалып алынган тасмалардын комитет тарабынан каралуусу;

— 20-сентябрь – комитеттин отуруму жана сыйлыкка көрсөтүлүүчү тасманы расмий жарылоо;

«Оскар» сыйлыгын тапшыруу аземи 2022-жылдын 27-мартында Лос-Анжелестеги «Долби» театрында өтөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM