Биз менен байланышыңыз

Түркия Ооганстандан 324 жаранын чыгарып кетти

Дүйнө , Кыска кабар | 17 Авг 2021 | 482 | 0

Түркия 16-августта атайын учак менен Ооганстандан 324 жаранын чыгарып кетти. Алар ооган жеринде жашап иштеген жалпы 1500гө жакын жаранын чыгарып кетүүнү мерчемдөөдө.

Түркиялык жарандар мекенине Turkish Airlines авиакомпаниясынын учагы менен алып келинип, алгач коронавируска текшерүүдөн өтүштү.

Белгилей кетсек, талибдер Ооганстандын борборун ээлеп алгандан кийин башка авиакомпаниялардай эле Turkish Airlines да Кабулга каттоону токтоткон.

Учурда «Талибан» кыймылы Ооганстандын бардык аймагын басып алып, өз көзөмөлүнө алган. Талибдер Ооганстанда «Ислам эмиратын» түзүүнү пландоодо.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM