Биз менен байланышыңыз

Жалал-Абад: Студенттерден пара алган окутуучунун иши сотко жөнөтүлдү

Кыска кабар | 17 Авг 2021 | 232 | 0

Ушул жылдын 28-июлунда пара алууга шектелип колго түшкөн Жалал-Абаддагы ЖОЖдордун биринин окутуучусунун айыбы аныкталып, иши сотко өткөрүлдү. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

26-июлда Жалал-Абад ОИИБнин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматына облустагы ЖОЖдордун биринде билим алган «А.» аттуу студент Динара деген окутуучу ири өлчөмдөгү пара талап кылып жатканын кабарлаган. Алынган маалымат ОИИБдин электрондук журналына Жазык кодексинин 238-беренеси (кызматкердин мыйзамсыз сый акы алуусу) менен катталып, тергөө-иликтөө иштери башталган.

Иликтөө иштеринин натыйжасында ЖОЖдогу факультеттердин биринин деканынын кабылдамасынан аталган окутуучу Динара: «Сабактарыңарды бүтүрүп, экзамен бааларын койдуруп берем», — деп, 28-июль күнү саат 11:00 чамасында студенттерден 10 миң 500 сом алганы аныкталган. Тергөө учурунда кылмышка шектелип жаткан окутуучу студенттердин аты-жөнү, алардан алган сомдун суммасы жазылган кагазга ороп койгон акчаны өз ыктыяры менен тергөө кызматына тапшырган.

Учурда тергөө аяктап, Динара А.га айыбы угузулуп, өндүрүш иши андан ары кароо үчүн сотко жиберилди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM