Биз менен байланышыңыз

Бүгүн Ош шаарында жана Кара-Суу районунда газ өчөт

Кыска кабар | 17 Авг 2021 | 487 | 0

Бүгүн, 17-августта Ош шаарында жана Ош облусунун Кара-Суу районунда кечке чейин газ жок болот. Бул тууралуу «Газпром Кыргызстан» компаниясы билдирди.

Жаратылыш газы саат 10:00дө өчүрүлүп, кайра саат 19:00дө берилет. Көгүлтүр от «Ош» газ бөлүштүрүүчү станциясындагы эски жабдууну алмаштыруу иштерине байланыштуу өчүрүлөт.

«Газпром Кыргызстан» келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM