Биз менен байланышыңыз

Жапаров Абу-Дабинин мураскер ханзаадасын Кыргызстанга чакырды

Кыска кабар | 16 Авг 2021 | 369 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 16-августта Абу-Дабинин мураскор ханзаадасы, Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) Куралдуу күчтөрүнүн башкы колбашчысынын орун басары, шейх Мухаммед бин Заид Аль Нахаян менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Тараптар соода-экономика, инвестиция тармактарындагы кызматташтыкты өнүктүрүү, коронавируска каршы күрөшүү маселелерин талкуулашты.

Жапаров эки тараптуу алаканы арттыруу жана эки өлкө ортосундагы достук мамилени чыңдоо максатында мураскор ханзааданы Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды.

Ханзаада Мухаммед бин Заид Аль Нахаян чакырыкты кабыл алганын айтып, өз кезегинде Садыр Жапаровду да БАЭге чакырып өттү.

Ошондой эле ал кыргыз тараптын инвестициялык долбоорлору менен таанышуу, соода-экономикалык байланышты жолго коюу максатында Кыргызстанга өкмөттүн ишкерлик боюнча делегациясын жиберерин билдирди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM