Биз менен байланышыңыз

Чет өлкөнүн учактары Ооганстанды айланып өтө баштады

Дүйнө , Кыска кабар | 16 Авг 2021 | 534 | 0

Чет өлкөнүн учактары талибдер борбор калааны басып алгандан кийин Ооганстандын аба мейкиндигин айланып өтө баштады.

Ооганстандын жарандык авиация башкармалыгы Кабулдун аба мейкиндиги аскерлердин башкаруусунда экенин айтып, транзиттик учактардын багытын өзгөртүүнү сунуштады.

Учурда Кабулдагы эл аралык аэропортто коммерциялык аба каттамдар токтотулган.

United Airlines, British Airways жана Virgin Atlantic авиакомпаниялары талибдер Кабулдагы президенттик сарайды басып алган соң, Ооганстан аркылуу учууну токтоткон.

Нью-Делиге учуп бара жаткан Air India менен Terra Avia компанияларынын учактары да Ооганстанды айланып өткөн.

Түркиянын Turkish Airlines компаниясы да Ооганстанга болгон каттамдарын токтотту. Кабулга Түркиянын жарандарын алып кете турган гана учактар жөнөтүлөт.

Мындан тышкары европалык авиакомпаниялар да Ооганстандын аймагы аркылуу учпай турган болду.

Эскерте кетсек, учурда «Талибан» кыймылы Ооганстандын бардык аймагын басып алып, өз көзөмөлүнө алды. Өлкө президенти Ашраф Гани Ооганстандан чыгып кетти. Талибдер Ооганстанда «Ислам эмиратын» түзүүнү пландоодо.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM