Биз менен байланышыңыз

Казакбаев менен Лавров Бишкектеги орус тилдүү кызга кол көтөргөн окуяны талкуулады

Кыска кабар | 16 Авг 2021 | 1020 | 0

Бүгүн, 16-августта тышкы иштер министри Руслан Казакбаев орусиялык кесиптеши Сергей Лавров менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө министрлер кыргыз-орус алакасын, Ооганстандагы кырдаалдын курчушуна байланыштуу эл аралык жана аймактык маселелерди талкуулаган. Ошондой эле кырдаал мындан ары курчуп кете турган болсо, жарандарды Ооганстандан алып келүү маселесин баарлашкан.

Андан тышкары, министрлер Бишкектеги балдар оюн-зоок борборунда кардардын кызматкер кызды кыргызча сүйлөбөгөнү үчүн калькулятор менен уруп жиберген окуя талкууланган.

Казакбаев ал окуя боюнча Лавровго милиция тарабынан кыз кишиге кол көтөргөн адамга 266-берене (бейбаштык) менен иш козголуп, тергелип жатканын айтып берген.

Ал кыргыз тарап улутчулдукту айыптай турганын жана Кыргызстанда да, Орусияда да жасалышы мүмкүн болгон андай окуя ким тарабынан жасалбасын, тиешелүү баа берилиши зарыл экенин, ал нерсе эки тараптуу мамилге залакасын тийгизбеши керектигин айткан.

Казакбаев Мамлекеттик Думанын айрым депутаттары бул окуяга байланыштуу жогорудагыдай иш жасаган адамдарды Орусияга киргизбей коюу сунушу менен чыкканы өкүнүчтүү жагдай болгонун, айрым орусиялык саясатчылардын билдирүүсү кыргыз жарандарынын Орусияга, орусиялыктардын Кыргызстанга келип кетүүсүнө кедерге болбошу керектигин кошумчалаган.

Жогорудагыдай окуялар Орусияда да болуп жатканын белгилеп, улутчулдук менен байланышкан айрым учурлар орус бийлиги тарабынан «Кыргызстандагы этникалык орустардын укугу дайыма бузулат жана улуту менен динине карап кысымга алынат» деп каралбашы зарыл экенин айткан.

Казакбаев Кыргызстанда орустарга жек көрүүчүлүк, тарыхты бурмалоо, орус тилине каршылык маанай жок экенин айтып, Кыргызстанда орус тилинин расмий макамы бар экенин белгилеген.

Белгилей кетсек, бул окуя август айынын башында болгон. 31 жаштагы Али Алимбаев аттуу жаран балдар оюн-зоок борборундагы кызматкер кызга кыргызча сүйлөбөгөнү үчүн кол көтөргөнү айтылган. Буга Орусиянын элчиси, Орусия президентинин алдындагы Жарандык коом жана адам укуктары боюнча кеңештин эл аралык кызматташуу комиссиясы, орусиялык саясатчылар билдирүү жасаган.

Орусия кыз кишиге кол көтөргөн А.А. аттуу жаранга 10 жылга өлкөгө кирүүсүнө тыюу салган.

Учурда ал №1 тергөө абагына 1 айга камакка алынган. Ага карата 266-берене (бейбаштык) менен иш козголгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM