Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда 100дөн ашык адам Таластан Балыкчыга веложүрүшкө чыкты

Кыска кабар , Спорт | 16 Авг 2021 | 946 | 0

25 өлкөдөн Кыргызстанга келген 104 велосипедчен Таластан Балыкчыга веложүрүшкө чыкты. Бул тууралуу Туризм департаментинен билдиришти.

Веложүрүшкө катышкандар 13-августта Таластагы ат майдандан Балыкчыга жол алган. Алар Ысык-Көлгө 28-августта жетишет.

Жолдун узундугу 1 миң 800 чакырымды түзөт.

Веложүрүш британиялык Silk Road Mountain Race компаниясы жана жергиликтүү Nomad`s Asia туристтик фирмасы тарабынан Туризм департаментинин колдоосу менен өткөрүлүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM