Биз менен байланышыңыз

17-августка карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 16 Авг 2021 | 434 | 0

Эртең, 17-августта Чүй, Талас, Баткен жана Жалал-Абад облустарында жаан жаабайт. Нарын, Ош, Ысык-Көлдүн айрым райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунан билдиришти.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +9 … +14, күндүз +25 … +30;

Талас облусунда түнкүсүн +5 … +10, күндүз +22 … +27;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +14 … +19, күндүз +29 … +34;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +6 … +11, күндүз +18 … +23;

Нарын облусунда түнкүсүн +4 … +9, күндүз +19 … +24 градус ысык болот.

Бишкекте жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +12 … +14, күндүз +28 … +30 градус ысык болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM