Биз менен байланышыңыз

Бишкекте Жергиликтүү өз алдынча башкаруу союзу тегерек стол өткөрүүдө

Кыска кабар | 16 Авг 2021 | 283 | 0

Бүгүн, 16-августта Бишкекте Жергиликтүү өз алдынча башкаруу союзу тегерек столдо жаңы шайланган айлы өкмөттөрү, шаар мэрлери жана жергиликтүү кеңештин депутаттары менен жолугушуу өткөрүп жатат.

Жыйында Жергиликтүү өз алдынча башкаруу союзу калкка кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу боюнча иш-чаралар планын иштеп чыгуу тартибин, мамлекеттик сатып алууларды туура аткаруунун жол-жоболорун үйрөтөт.

Мындан сырткары муниципалдык кызматкерлерди окутуу мүмкүнчүлүктөрү, мыкты тажрыйбалар порталы жана сынактарга, анын ичинде жарандардын 2022-жылга жергиликтүү бюджетти түзүүгө катышуу шарттары тууралуу маалымат берилет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM