Биз менен байланышыңыз

«Аймактарга арналган мыйзамдардын көбү кагазда калат»

Саясат | 5 Ноя 2020 | 373 | 0

Бүгүн Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар союзу менен Өнүктүрүү саясат институту Жогорку Кеңеште иштелип чыккан мыйзамдардын айыл өкмөттөргө, мэрияга таасири жана анын аткарылышы боюнча жасалган анализдин жыйынтыгын талкуулашты. Талкууга парламенттин депутаттары жана мамлекеттик органдар катышты.

Жыйындын жүрүшүндө Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары канчалык деңгээлде өнүгүп жатканы жана кандай көйгөйлөрү бар экендиги боюнча баяндама жасалды.

Аталган документтин негизинде Жогорку Кеңештин депутаттарына жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы маселелерди чечүүдө, мыйзамга өзгөртүүлөрдү же толуктоолорду киргизүүдө, жокко чыгаруда чоң мүмкүнчүлүк бере тургандыгын Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар союзунун жетекчисинин орун басары Бектурган Орозбаев маалымдады.

«Бул жердеги негизги максат: Кыргызстандын бардык айыл аймактарында, жергиликтүү органдарда маселе кандай чечилип жатат, кайсы мыйзам иштеп жатат, кайсы мыйзам иштеген жок — ошонун баарын жыйынтыктап, Жогорку Кеңештин көзөмөл функциясын күчөтүү; айыл аймактар менен парламенттин ортосундагы байланышты түзүү боюнча механизм инструментин иштеп чыгуу. Биз айыл өкмөтүндө канча аял иштейт, канчасы жаштар, канчасы 55 жаштан жогору, айылдык кеңеш эмне себептен тарады, кайсы мыйзам кайсы көйгөйдү чечти — ушул сыяктуу көп маселелерди баяндамабызда чагылдырдык».

Анализде 2015-жылдан 2019-жылга чейин кабыл алынган мыйзамдар кандай таасир эткени изилденген. Жалпысынан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына 120дан ашык мыйзамды аткаруу милдеттендирилет, бирок алардын көпчүлүгү иштебейт. Ошол эле учурда айыл өкмөттөрдүн таасири жок болгондуктан, эл майда маселерге чейин депутаттарга жүктөй берерин Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Аида Касымалиева айтты.

«Айыл өкмөттөрдү эл өзү шайлап, алардын элге таасири болушу керек. «Биз акимге баш ийебиз, президентке баш ийебиз, бизди бул шайлаган, мен кетем» дегендей мамиле кылышат. Же болбосо айыл өкмөт башчысы депутаттардын бир бөлүгүнө көз каранды, элге көз каранды эмес. Ошондуктан алар элге барбайт, маселелерди чечпейт. Алар негизинен Жогорку Кеңештин депутаттарына да чоң көйгөй жаратып жатат. Себеби эл арык чабуу маселесине чейин бизге кайрылышат. Бул эмнеден келип чыгып жатат? Негизги маселе депутаттардан келип чыгат. Айыл өкмөттөрдү депутаттар шайлайт, депутаттар акча жолу менен келсе, элдин көйгөйү көтөрүлбөй, ич ара соодага өтүп алышат».

Ошол эле учурда Касымалиева жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында бюджет жагдайы чоң көйгөй жаратып келгендиктен, көп маселелер чечилбей жатканын кошумчалады.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун укуктук маселелери жана гендердик саясат боюнча эксперт Искендер Байназаров жергиликтүү эреже бузуулардан түшкөн айып пулдарды өздөрүнүн казынасына калтыруу менен аймактык бюджетке каражат топтоого болот деген сунушун берди.

«Ар түрдүү эреже бузуулардын айып пулдары жергиликтүү бюджетке калса жакшы болот эле. Мамлекеттик орган, инспекция келип, айып пул салат. Төлөнгөн акча баары бир республикалык казынага кетип калат. Ошондуктан айыл өкмөттөр да, депутаттар да кызыкпайт. Себеби айылда баары бири-бири менен тааныш. Эгерде айып пул салып, ошол акча жергиликтүү казынага түшсө, көп эле маселе чечилмек. Ошондуктан укуктук шарттарды түзүп берип, жергиликтүү казынаны толтурууга болот».

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына тиешелүү мыйзамдардын көпчүлүгү иштебей тургандыгын Бектурган Орозбаев да бекемдеп, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын, айыл өкмөттөрдү, мэрияларды текшерүү боюнча мыйзам жарым-жартылай иштеп жатканын белгиледи.

«Жогорку Кеңеш менен Өкмөт төрт эле мамлекеттик орган текшерсин деп тизмесин бекиткен болсо, бүгүнкү күндө дагы деле ондон ашык барып жатат. Мамлекеттик орган да Башкы прокуратура менен планын бекитип, сайтка жайгаштырып, текшергенден кийин анын жыйынтыгын да сайтка жайгаштырышы керек. Башкы прокуратураныкын гана көрө алдык, калган органдардыкын көрө алган жокпуз. Мыйзамсыз текшерүүлөр дагы деле жүрүп жатат. Мына ушуга окшогон маселелер көп».

Кошумчалай кетсек, Кыргызстанда жалпы 453 айыл өкмөтү болсо, алардын 372си дотацияда турат, мамлекеттик бюджеттен кошумча каражат менен каржыланат.

Copyright © 2017 Maral FM