Биз менен байланышыңыз

АКШ элчилигинин алдында «Кумтөргө» байланыштуу митинг өттү

Кыска кабар | 16 Авг 2021 | 364 | 0

Бүгүн, 16-августта АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин алдында «Центерра Голд» компаниясынын «Кумтөрдү» банкрот деп таануу тууралуу Нью-Йорк сотуна берген доо арызы боюнча митинг өттү.

Жарандар тынч жүрүшкө «Американын калыс сотуна ишенебиз» деген ураан менен чыкты. Митингдин катышуучулары «Центерра» алдамчылык иштерге барганын, кенди иштетүүдө экологияга зыян келтиргенин, Лысый жана Давыдов мөңгүлөрү талкаланганын айтышты.

Ошондой эле, алар «Центерранын» доо арызы боюнча соттук процесс эртең, 17-августта башталарын белгилешип, Нью-Йорк сотун бул ишти калыс кароого чакырышты.

Митинг эртең, 17-августта да өтөт. Ал саат 10:00дө башталат. Уюштуруучулар бардык кайдыгер эмес жарандарды бул акцияга катышууга чакырат.

Эскерте кетсек, Кыргызстан «Центерра Голд» компаниясына экология жана салыкка байланыштуу 4,2 миллиард долларлык доо коюп, май айында «Кумтөр Голд» ишканасына тыштан башкаруу киргизген. Ага байланыштуу «Центерра» Нью-Йорк сотуна доо арыз менен кайрылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM