Биз менен байланышыңыз

Бишкекте кызматкер кызды калькулятор менен урган жаран №1 тергөө абагына камакка алынды

Кыска кабар | 16 Авг 2021 | 573 | 0

Бишкектеги балдар оюн-зоок борборунда кызматкер кызды калькулятор менен урган Али Алимбаев №1 тергөө абагына камакка алынды.

Учурда ага карата Жазык кодексинин 266-беренеси (бейбаштык) боюнча козголгон иштин негизинде тергөө жүрүп жаткандыктан, бир ай аталган абакта болот.

Белгилей кетсек, бул окуя август айынын башында болгон. 31 жаштагы Али Алимбаев аттуу жаран балдар оюн-зоок борборундагы кызматкер кызга кыргызча сүйлөбөгөнү үчүн кол көтөргөнү айтылган. Буга Орусиянын элчиси, Орусия президентинин алдындагы Жарандык коом жана адам укуктары боюнча кеңештин эл аралык кызматташуу комиссиясы, орусиялык саясатчылар билдирүү жасаган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM