Биз менен байланышыңыз

Москвада Айтматовдун чыгармаларынын негизинде тартылган тасмалар көрсөтүлөт

Кыска кабар | 16 Авг 2021 | 376 | 0

Москвадагы «Иллюзион» кинотеатрында дүйнөлүк залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын негизинде тартылган тасмалар көрсөтүлөт.

17-августтан 26-августка чейин Лариса Шепитько, Сергей Урусевский, Андрей Кончаловский, Төлөмүш Океев жана башка режиссёрлор тарткан 10 тасма коюлат.

Тасмаларды көрсөтүүнүн программасы:

17-август, саат 19:30

«Ашуу» (1961) – Алексей Сахаров

18-август, саат 19:30

«Аптап» (1962) – Лариса Шепитько

19-август, саат 19:30

«Биринчи мугалим» (1965) – Андрей Кончаловский

20-август, саат 19:30

«Кызыл алма» – Төлөмүш Океев

21-август, саат 14:30

«Саманчынын жолу» (1967) – Геннадий Базаров

21-август, саат 20:00

«Жамиля» (1968) – Ирина Поплавская

22-август, саат 18:00

«Жоргонун жүрүшү» (1969) – Сергей Урусевский

23-август, саат 19:30

«Ак кеме» (1975) – Болотбек Шамшиев

24-август, саат 19:30

«Куюн» (1988) – Бако Садыков

25-август, саат 19:30

«Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт» (1990) – Карен Геворкян

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM