Биз менен байланышыңыз

Талибдер коңшуларга тийишпейт, башкаларды да өлкө иштерине кийлигиштирбейт

Дүйнө , Кыска кабар | 16 Авг 2021 | 1598 | 0

«Талибан» кыймылы коңшу мамлекеттердин ишине кийлишпейт жана башкалардын да Ооганстандын ишине кийлигишүүсүн каалабайт. Бул тууралуу «Талибандын» саясий бюросунун расмий өкүлү Мухаммад Наим билдирди.

Анын айтымында, талибдер башка мамлекеттер менен тынчтыкта жашоону каалайт. Алар Ооганстандагы чет элдик жарандардын жана дипломатиялык миссиялардын коопсуздугуна кепилдик берет. Кыймыл өлкөдөгү бардык саясий күчтөр менен диалог курууга даяр.

Наим билдиргендей, алар өлкөдөгү аялдар менен улуттук азчылыктын укуктарына сый мамиле кылышат. Бирок ал шарияттын чегинде болот.

Эскерте кетсек, учурда «Талибан» кыймылы Ооганстандын бардык аймагын басып алып, өз көзөмөлүнө алды. Өлкө президенти Ашраф Гани Ооганстандан чыгып кетти. Талибдер Ооганстанда «Ислам эмиратын» түзүүнү пландоодо.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM