Биз менен байланышыңыз

Бишкектеги №1 тергөө абагы жана №47 абак шаар сыртына чыгарылат

Кыска кабар | 11 Авг 2021 | 1037 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 11-августта Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) төрагасы Аскат Эгембердиевди кабыл алды.

Жолугушууда президент ЖАМКтын эмгек жамаатын жана ардагерлерин алдыдагы кесиптик майрамы менен куттуктап, чың ден соолук, бакыт-таалай жана жооптуу иштерине ийгиликтерди каалады.

Аскат Эгембердиев республиканын жазык-аткаруу системасында (КР ЖАС) жүргүзүлгөн реформалар, санариптештирүүнүн жыйынтыктары тууралуу маалымат берип, пенитенциардык системаны каржылоо жөнүндө, ошондой эле КР ЖАС органдары менен мекемелериндеги эпидемиологиялык кырдаал жана коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү чаралары тууралуу айтып берген.

Ошону менен бирге, ал бүгүнкү күндө ЖАМК системасындагы бир катар көйгөйлөрдү, атап айтканда, түзөтүү мекемелеринин инфраструктурасынын жана материалдык -техникалык базасынын эскилиги жеткенин белгилеген.

Ал учурда Бишкек шаарынын инфраструктурасын жакшыртуу жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуу максатында №21 (№1 тергөө абагы) жана №47 түзөтүү мекемелерин шаардын сыртына көчүрүү маселеси каралып жатканын билдирген.

Жапаровдун айтымында, Министрлер кабинетине 2021-жылы республикалык бюджеттен каржылануучу курулуш жана реконструкциялоо объекттеринин тизмесине ЖАМКтын Чүй жана Жалал-Абад облустарындагы 2 объектисин киргизүү тапшырылган. Алар үчүн 51 млн сом каражат бөлүнгөн.

Президент ЖАМК жетекчилигине жазаларды аткаруу кызматынын өздүк курамынын ичинде кызматтык тартипти чыңдоо, кесиптик даярдык деңгээлин жогорулатуу, ошондой эле коррупциялык көрүнүштөр жана кызмат абалын кыянатчылык менен колдонуу фактыларын алдын алуу иштерин күчөтүүнү тапшырган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM