Биз менен байланышыңыз

Бишкекте ак илбирсти сактоого арналган жарым марафон өтөт

Кыска кабар , Спорт | 11 Авг 2021 | 604 | 0

Бишкекте 26-сентябрда ак илбирсти сактоого арналган SNOW LEOPARD RUN эл аралык жарым марафону өтөт.

Жарышты Nomad Sport компаниясы уюштурууда. Ага кесипкөй жөө күлүктөр жана спорт сүйүүчүлөрү катыша алат.

Катышуучулар 1, 5, 14 жана 21,1 чакырымга (жарым марафон) чуркашат. Ошондой эле 3төн 10 жашка чейинки балдар үчүн Kid’s Run жарышы өткөрүлөт. Алар 100, 200 жана 500 метрге жарышат. Жалпы 70тен ашык катышуучуга байге берилет. Жарыштар «Ала-Тоо» аянтында башталат.

Жарышка катышууну каалагандар 15-сентябрга чейин акчасын төлөп каттоодон өтүшү керек. Чогулган акчанын бир бөлүгү ак илбирсти коргоо боюнча иштерге жумшалат. Уюштуруучулардын айтымында, быйыл чогулган акчага ак илбирсти сактоо иштерин алып барган «Ысык-Көл» биосфералык аймагынын дирекциясына эки «Нива» унаасы алып берилет.

Катталгандардын саны 5 миңге жеткенде каттоо 15-сентябрга чейин токтотулат.

COVID-19 пандемиясына байланыштуу жарышта санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин сакталышына көңүл бурулат.

Кененирээк маалыматты Nomad Sport компаниясынын сайтынан алууга болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM