Биз менен байланышыңыз

«Азатлык»: Түркмөнстандын Лебап облусунда COVID-19 күч алды

Дүйнө , Кыска кабар | 11 Авг 2021 | 685 | 0

Түркмөнстандын Лебап облусунда COVID-19 күч алды. Бул тууралуу «Азаттыктын» түркмөн кызматы жазды.

Лебап облусунда коронавирус жуктуруп, оорудан каза болгондордун саны арткандыктан ооруканалар бейтаптарды кабыл алууга жетишпей, карантинге жабылууда.

Облустун административдик борбору Түркмөнабаддын дарыгерлеринин айтымында, коронавирустун жаңы толкуну баштапкы учурлардан оор өтүүдө.

«Вирус тез тарап жатат. Кырдаал биринчи жана экинчи толкундагыдай эмес. Биздин мурда колдонгон дарылоо ыкмаларыбыз жардам бербей жатат. Бейтаптарды дарылоо оор болууда. COVID-19 жуктурган кары-картаңдардын көбү каза болуп калууда», — деген дарыгер (коопсуздугу үчүн аты айтылган эмес).

Ал учурда тарап жаткан коронавирустун кайсы штаммы экенин так билбесе да, «дельта штаммы болушу ыктымал» деп божомолдошууда. Себеби, азыркы вирус бир адамдан экинчиге тез жугууда.

Баарына белгилүү болгондой, Түркмөнстан жабык өлкө. Тышкы дүйнөдөн обочолонгон бул мамлекетте көп маалыматтар жашырылып келет. Маселен, Түркмөнстандын расмий бийлиги ушул күнгө чейин өз өлкөсүндө коронавирус жуктурган адам жок экенин айтышат. Ошол эле учурда, бийлик башка себептерди жүйө келтирип бир катар чектөөлөрдү киргизип келет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM