Биз менен байланышыңыз

Ооганстан: Талибдер тогузунчу провинциянын борборун ээлегенин жар салды

Дүйнө , Кыска кабар | 11 Авг 2021 | 974 | 0

Ооганстандагы «Талибан» кыймылынын өкүлү Забиулла Мужахид өлкөнүн түндүк-чыгышындагы Бадахшан провинциясынын административдик борбору Файзабад шаарын басып алганын билдирди.

Талибдер аталган шаарды 10-августтан 11-августка караган түнү өз карамагына өткөргөн.

Кыймылдын өкүлү Забиулла Муджахид Twitterˈге талибдер губернатордун резиденциясын, полициянын штаб-квартирасын, чалгын башкармалыгын жана бардык өкмөттүк мекемелерди басып алышканын жазган.

Анын айтымында, учурда «Талибан» кыймылы Нимроз, Жаузжан, Сари-Пуль, Кундуз, Тахар, Саманган, Фарах, Баглан жана Бадахшан провинцияларынын административдик борборун көзөмөлдөп жатат.

Белгилей кетсек, АКШ аскерлерин чыгарып кете баштагандан тарта «Талибан» кыймылы өлкөнүн улам бир жаңы аймагын басып алууга өтүп, бийлик аскерлери ортосундагы тиреш күч алган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM