Биз менен байланышыңыз

12-августка карата күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 11 Авг 2021 | 215 | 0

Эртең, 12-августта Талас, Баткен жана Жалал-Абад облустарында жаан жаабайт. Нарын, Ош, Ысык-Көл, Чүйдүн айрым райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунан билдиришти.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +15 … +20, күндүз +29 … +34;

Талас облусунда түнкүсүн +10 … +15, күндүз +28 … +33;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +18 … +23, күндүз +32 … +37;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +11 … +16, күндүз +25 … +30;

Нарын облусунда түнкүсүн +6 … +11, күндүз +25 … +30 градус ысык болот.

Бишкекте жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +18 … +20, күндүз +32 … +34 градус ысык болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM