Биз менен байланышыңыз

Алжирде токойдогу өрттөрдөн 40тан ашык киши каза болду

Дүйнө , Кыска кабар | 11 Авг 2021 | 583 | 0

Алжирде токойдогу өрттөрдөн 42 киши каза болду. Бул тууралуу 10-августта өлкөнүн премьер-министри Айман Бенабдеррахман билдирди.

Анын айтымында, каза болгондордун ичинде куткаруу иштерине катышкан 25 аскер кызматкери бар. Алар жүздөн ашык адамды куткарып, бирок өздөрүн куткара албай калган.

Алжирдин борбор шаарынын чыгыш тарабындагы эки аймактын токойлорун өрт чалган. Азыркы тапта аны «ооздуктоого» мүмкүн болбой жатат.

Өрт бир гана Алжирде болгон жок. Греция, Түркия, Италия жана башка өлкөлөрдө токойлорду өрт каптоодо.

Грециянын Гортиния провинциясында өрт 10 чакырым жерге жайылып, 19 айылдын тургуну коопсуз жайга көчүрүлгөн. Пиррис конушунда жалын турак үйлөрдү күлгө айландырууда. Өрттү өчүрүүгө катуу шамал тоскоолдук кылып жатат. Ошондой эле Эвбея аралында да өрт токтой элек.

Италиянын Сицилия жана Сардиния аралдарында күн ысый турганы, катуу шамал болору айтылууда. Бул өрт чыгып, жайылып кетүүсүнө себеп болушу мүмкүн. Түркиянын түштүк-батышында да күн салкындабай, мурда чыккан өрттөрдү өчүрүү иштерин кыйындатууда. Бирок жалпысынан алганда Түркияда абал жакшырган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM