Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда 2040-жылга чейинки демографиялык саясаттын концепциясы иштелип чыгат

Кыска кабар | 11 Авг 2021 | 213 | 0

Кыргызстанда 2040-жылга чейинки демографиялык саясаттын концепциясы иштелип чыгууда. Ал Президенттин администрациясы тарабынан БУУнун калк фондунун (ЮНФПА) жана Орусия өкмөтүнүн техникалык колдоосу менен уюштурулуп жатат. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.

Жумушчу топтун мүчөлөрү учурдагы демографиялык абалды жана калктын санынын өсүшүнүн божомолдуу көрсөткүчтөрүн талкуулашып, ошондой эле Кыргызстандагы демографиялык саясаттын бир катар артыкчылыктуу багыттары боюнча сунуштар иштелип чыкты.

Концепциянын максаты — өлкөдө биринчи кезекте Кыргызстандын калкынын өнүгүү өзгөчөлүктөрүнө негизделген стратегиялык документтерди даярдоо процессин системалуу деңгээлде баштоо болуп саналат. Бул документ өнүгүүнүн ар кандай багыттары боюнча саясий чараларды аныктап, алардын борборунда калктын саны, адамдын өнүгүшү жана бардык муундарга алардын татыктуу жашоосун камсыз кыла турган ыңгайлуу шарттарды түзүү маселелери турат.

Жолугушууга келген бир катар эл аралык эксперттердин пикиринде, Кыргызстан Борбор Азия боюнча демографиялык саясат иштелип чыга турган алгачкы өлкө болуп калышы мүмкүн.

Эксперттердин, илимий, жарандык коомчулуктун өкүлдөрү менен да кошумча консультациялар өткөрүлмөкчү. Ошондой эле демографиялык процесстерди талдоо жана болжолдоо борборун түзүү маселеси да каралып жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM