Биз менен байланышыңыз

Бекешев: Орусиялык саясатчылар өзүн жарнамалап жатат

Кыска кабар | 11 Авг 2021 | 363 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Кыргызстанда орус тилдүү жарандар менен болгон окуяга байланыштуу айтылып жаткан сөздөр боюнча телеграм-каналына пикирин билдирди.

Ал күзүндө Орусияда Мамлекеттик Думага шайлоо болорун айтып, талапкерлер ар кандай билдирүүлөрдү жасап элдин колдоосуна ээ болуунун айла-амалын таппай жатканын белгилеген.

«Маселен, Жириновский биздин мамлекетте орус тили кысымга алынып жатат деп ызылдады. Айрым учурлар үчүн мындай билдирүүлөрдү жасоо болбогон нерсе. Бөйрөктөн шыйрак чыгаргандай эле. Кайсы бир талапкер адамдардын КМШ өлкөлөрү, мигранттарга асылган билдирүүлөрүнө таң калуунун кереги жок», — деген ал.

Ошол эле учурда, ал саясатчылар бул аракеттери менен өзүн саясий жарнама кылып жатканын кошумчалаган.

«Бирок бул жерде бир кооптуу нерсе бар. Ал кээ бир адамдарга шыкак берип, алар мигранттарга күч колдонуп, ук-токмокко алышы мүмкүн. Ошондуктан кечээ Инстаграм аркылуу Жириновскийге жооп кылдым. Тилекке каршы, бул боюнча депутаттар үн каткан жок. Тышкы иштер министрлиги гана билдирүүсүн жасады», — деген ал.

Аны менен бирге, ал Кыргызстанда орус тилине кысым жок экенин белгилеген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM