Биз менен байланышыңыз

Эми мамлекеттик ипотекага турак жай алууга арызды онлайн берсе болот

Кыска кабар | 11 Авг 2021 | 1333 | 1

Мамлекеттик ипотекалык компания өкмөттүк турак жай программаларына катышууга арыз берүүнүн электрондук формасы ишке киргенин жарыялады.

Анын максаты жарандардын убактысын жана чыгымдарын үнөмдөө болуп саналат.

www.gik.kg сайты аркылуу катталып, арыз берсе болот. Баштапкы каттоодон өткөндөн кийин катталуучуга жеке электрондук кабинет ачылат. Ал жерден маалыматтын баарын толтурган соң, арызды жөнөтүү үчүн идентификациялоо процедурасынан өтүп, жеке маалыматты иштетүүгө макулдук берүү зарыл.

Идентификациялоо процессинен өтүүнүн жана жеке маалыматты берүүнүн 2 жолу бар:

  • жашаган жериңиз боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрация жана коммерциялык банктар аркылуу;
  • уюлдук операторлордун жана коммерциялык банктардын мобилдик тиркемелери аркылуу.

Жеке маалыматтарды иштетүүгө макулдук коюлган талаптарга туура келүүсүн текшерүү үчүн мамлекеттик органдардан электрондук сурамжылоо жүргүзүү керек.

Жеке маалыматты иштетүүгө макулдук бергенден кийин мамлекеттик органдардан сурамжылоо үчүн акы төлөө шарт. Аны электрондук кызматтар аркылуу которсо да болот.

1 пикир

1 пикир

  1. Эрика

    20.08.2021 15:35

    Саламатсызбы,сайта киралбай жатабыз, регистрацияга тологуло дейт толосокта эч нерсе чыкпай койду! Онлайн регистрациясына кантип катталабыз?

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM