Биз менен байланышыңыз

Месси франциялык «ПСЖ» клубунда ойной турган болду

Дүйнө , Кыска кабар , Спорт | 10 Авг 2021 | 982 | 0

Аргентиналык спортчу Лионель Месси Франциянын «ПСЖ» футбол клубунда ойной турган болду.

Месси менен франциялык клуб «2+1» деген негизде келишим түзүүнү макулдашкан. Башкача айтканда, келишим 2 жылга түзүлүп, кийин аны дагы бир жылга узартууга болот.

Спортчу Францияга бүгүн учуп барат. Клуб менен болгон келишимге эртең, 11-августта кол коюлары айтылууда.

Месси буга чейин Испаниянын «Барселона» клубунда ойноп келген. Клуб Испания чемпионатынын регламентинде каралган эрежелерден улам келишимди узарта алган эмес. Буга байланыштуу футболчу «Барселонадан» кетүүгө аргасыз болгон.

Месси спорттук карьерасында «Барселонанын» курамында гана ойногон. Өткөн сезондо ал 35 оюн өткөрүп, 30 гол киргизген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM