Биз менен байланышыңыз

12-14-августта Кыргызстанда Орусиянын маданият күндөрү өтөт

Кыска кабар | 10 Авг 2021 | 365 | 0

12-августтан 14-августка чейин Кыргызстанда Орусиянын маданият күндөрү өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Иш-чара ​Кыргызстан менен Орусиянын эриш-аркак кызматташтык жылынын алкагында уюштурулган.

Маданият күндөрүнүн Кыргызстандагы тартиби төмөнкүдөй бекитилди:

12 -август. Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Орусиянын маданият күндөрүнүн салтанаттуу ачылышы болот. Анда Зарни Ёл, Домино, Йатаган, Колесо, Чылтыс Таннагашеванын фольклордук топтору «Фольклор — Орусиянын жаны» аттуу концерт берет.

Ушул эле күнү филармониянын фойесинде кол өнөрчүлүк көргөзмөсү уюштурулуп, Орусиядан келген өнөрпоздор чеберчилик сабактарын көргөзөт.

13-август. Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде Орусиянын руханий-маданий мурасына жана улуу акын Низаминин 880 жылдыгына арналган «Низаминин сюжеттери жана сүрөттөрү: Чыгыш менен Батыштын диалогу» көргөзмөсү ачылып, ал ушул жылдын 1-сентябрына чейин уланат.

Ошондой эле бул күнү Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Санкт-Петербург митрополитинин дин кызматкерлери хор-концерт тартуулап, сахнада XX кылымдын мыкты чыгармалары жаңырат.

Мындан сырткары Орусия менен Кыргызстандын маданий биримдигине арналган конференция, соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-орус комиссиясынын маданият тармагындагы жумушчу тобунун үчүнчү жыйыны болот.

Ал эми 14 –август күнү саат 17:00дө Кант шаарында Санкт -Петербург митрополитинин кызматкерлери хор-концерт берери күтүлүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM