Биз менен байланышыңыз

Бишкектин кээ бир райондорунда газ 10 күндөн ашык убакытка өчүрүлөт

Кыска кабар | 10 Авг 2021 | 302 | 0

Бишкектин кээ бир райондорунда жаратылыш газы 16-августтан 27-августка чейин өчүрүлөт. Бул тууралуу «Газпром Кыргызстан» компаниясынан билдиришти.

Компания газ оңдоо жана профилактикалык иштер жүргүзүлө тургандыгына байланыштуу өчүрүлөрүн белгилейт.

Газ өчүрүлө турган райондор:

1. Чоң Чүй каналы, Чүй, Курманжан Датка, Калинин көчөлөрү менен чектелген райондо;

2. Чыгыш-5 кичи району;

3. «Бакай-Ата» жаңы конушунун күн батыш тарабы;

4. Бишкек ЖЭБи;

5. Восток жана Лебединовка айылдарында.

«Газпром Кыргызстан» келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM