Биз менен байланышыңыз

Түркмөнстанда үйүнө интернет койдурууну каалагандар Куран кармап ант берет

Дүйнө , Кыска кабар | 10 Авг 2021 | 501 | 0

Түркмөнстанда бийлик үйүнө интернет койдурууну каалаган жарандарды «VPN колдонбойм» деп, Куран кармап ант берүүгө мажбурлоодо. Бул тууралуу «Азаттыктын» түркмөн кызматы жазды.

Түркмөнстандын бийлиги интернетти чектөө үчүн ар кандай айла-амалды колдонуп келет. Буга чейин ушул максатта чет өлкөлүк компаниялар менен иштешкени да белгилүү болгон. Эми алар үйүнө интернет койдурууну каалаган жарандарга «VPN колдонбойм» деп, Куран кармап ант берүүгө талап кое баштаган.

Түркмөнстанда Facebook, Twitter, YouTube сыяктуу социалдык тармактар жана башка сайттар ачылбайт, Интернет жай иштейт. Ошондуктан жарандар өздөрү каалаган сайтка кирүү үчүн VPN колдонушат. Интернет жай гана болбостон, баасы да кыйла кымбат.

Баарына белгилүү болгондой, Түркмөнстан жабык өлкө. Тышкы дүйнөдөн обочолонгон бул мамлекетте көп маалыматтар жашырылып келет. Маселен, Түркмөнстандын расмий бийлиги ушул күнгө чейин өз өлкөсүндө коронавирус жуктурган адам жок экенин айтышат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM