Биз менен байланышыңыз

Ооганстан: Талибдер алтынчы провинциянын борборун басып алды

Дүйнө , Кыска кабар | 10 Авг 2021 | 576 | 0

Ооганстанда «Талибан» кыймылы Саманган провинциясынын борбору Айбак шаарын басып алды. Бул тууралуу Al Jazeera телеканалы аталган кыймылдын өкүлдөрүнө таянып билдирди.

Шаар талибдердин карамагына өткөнүн провинциянын губернаторунун орун басары Сефатула Самангани ырастаган.

Анын айтымында, бул — талибдер толугу менен басып алган провинциянын алтынчы борбору.

Шаар талибдерге согушсуз эле өткөрүлүп берилген. Жергиликтүү аксакалдардын «шаарда согуш болбосун» деген кайрылуусунан кийин губернатор аскерлерди калаадан чыгарган.

Белгилей кетсек, буга чейин талибдер Зарандж (Нимроз провинциясынын борбору), Шибарган (Жаузжан провинциясы), Талукан (Тахар провинциясы), Сари-Пуль (Сари-Пуль провинциясы) жана Кундуз (Кундуз провинциясы) шаарларын басып алышкан.

АКШ аскерлерин чыгарып кете баштагандан тарта «Талибан» кыймылы өлкөнүн улам бир жаңы аймагын басып алууга өтүп, бийлик аскерлери ортосундагы тиреш күч алган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM