Биз менен байланышыңыз

Асан Ормушев илимдер академиясында өткөрүлгөн шайлоонун жыйынтыгына нааразы (аудио)

Кыска кабар | 10 Авг 2021 | 2676 | 0

Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиӊирген ишмер, тарых илимдеринин доктору, профессор Асан Ормушев Улуттук илимдер академиясында «Тарых» адистиги боюнча корреспондент-мүчөлүккө шайлоонун экинчи туру адилетсиз өткөнүн белгилеп, нааразычылыгын билдирди.

Анын айтымында, экинчи турда аны менен кошо талапкер болгон тарых илимдеринин доктору, профессор Чолпон Койчуманова шайлоодо добуш бере турган коомдук илимдердин академиктерине жана корреспондент-мүчөлөрүнө «7 илимдин кандидатын даярдагам» деген жалган маалымат айткан. Бул маалымат Академиянын сайтына илинген жана шайлоочуларга диск аркылуу таратылып берилген.

Ошондой эле Ормушев Койчуманованын илимпоз катары бир да илимдин кандидатын даярдап, коргоодон өткөрбөгөнүн айтат. Мындан сырткары ал «Тарых» адистиги боюнча корреспондент-мүчөлүккө талапкерлердин экинчи турунун жыйынтыгын, Койчуманованы корреспондент-мүчөлүккө өтүшүн жокко чыгарууну суранып, Улуттук илимдер академиясынын президенти Мурат Жуматаевге арыз менен кайрылган.

Белгилей кетсек, Чолпон Койчуманова Улуттук илимдер академиясынын Президиум аппаратында Эл аралык кызматташуу жана коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенген. Кандидаттык даражасын юридика илими боюнча, ал эми докторлук даражасын тарых илими боюнча жактаган. «Борбордук Азиядагы гуманитардык иликтөө борбору» коомдук бирикмесине директор болгон (бирикме кийинчерээк жоюлуп кеткен). Андан кийин «Тарыхый жана социалдык иликтөө борбору» коомдук бирикмесин негиздеген.

Дагы бир белгилеп кете турган жагдай, Чолпон Койчуманова ушул жылдын 5-майында Президент Садыр Жапаров кол койгон жаңы Башмыйзамды даярдаган Конституциялык кеңешменин мүчөсү болгон.

Төмөндө Асан Ормушевдин арызын толугу менен беребиз:

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти М. С. Жуматаевге

Кыргыз Республикасынын Илимине эмгек сиӊирген ишмер, тарых илимдеринин доктору, профессор А. С. Ормушевден

Арыз

                                   Урматтуу Мурат Садырбекович!

Менин сизге арыз менен кайрылуумдун себеби: 2021-жылы 5-августта Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясында «Тарых» адистиги боюнча корреспондент — мүчөлүккө өткөрүлгөн шайлоонун экинчи турунун адилетсиз жыйынтыгына нааразы экендигимди билдирем.

Анткени, экинчи турда мени менен кошо добушка коюлган тарых илимдеринин доктору, профессор Койчуманова Чолпон Урушбековна шайлоодо добуш берүүчү коомдук илимдердин академиктерине жана корреспондент-мүчөлөрүнө «7 илимдин кандидатын даярдагам» деген жалган маалыматтарды тараткан. Бул маалымат Академиянын сайтына илинген жана шайлоочуларга диск аркылуу таратылып берилген. Ч. У. Койчуманова илимпоз катары бир да илимдин кандидатын даярдап, коргоодон өткөргөн эмес (Бул боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынан так маалымат алсаӊыздар болот).

Эмне үчүн академиянын  кадрлар бөлүмү жана президент тарабынан эксперттик комиссия Ч. У. Койчуманованын илимий кандидаттарды даярдоо жана илимий эмгектери боюнча маалыматын толук текшерип, өзүнүн туура баасын берген эмес.

Ошону менен бирге Ч. У. Койчуманованын талапкерлигин корреспондент-мүчөлүккө сунуштоодо Тарых институтунун Окумуштуулар жыйынында белгилүү илимпоздор нааразы болуп, 7 адам каршылыгын билдирген. Бул окумуштуунун илимпоздор арасында кадыр-баркы жок дегенди түшүндүрөт.

Тарых институтунун жетекчилиги тарабынан админстративдик кысым болгондугу байкалып турат.

Мындай көз боёмочолукка барып, илимпоздорду жалган маалымат менен алдаган адам Улуттук илимдер академиясындагы  чынчыл, адилеттүү илимпоздорго кара көлөкө түшүрүп, жаманатты кыларына шек жок. Мындай окумуштуу Улуттук Илимдер академиясынын корреспондент-мүчөлүгүнө татыксыз деп эсептейм.

Урматтуу Мурат Садырбекович!

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нургожоевич Жапаров Кыргызстанда өткөрүлүп жаткан бардык деӊгээлдеги шайлоолор таза, адилеттүү, ачык өтсүн деп дайыма айтып жана өзгөчө белгилеп келет. Ошондуктан Президентибиздин жакшы ой-тилегин турмушка ашыруу максатында «Тарых» адистиги боюнча корреспондент-мүчөлүккө талапкерлердин экинчи турунун жыйынтыгын жокко чыгарып, илимпоздордун арасында аты белгисиз Ч. У. Койчуманованы корреспондент-мүчөлүккө өтүшүн жокко чыгарууну суранам.

 Урматтуу Мурат Садырбекович!

Келечекте чыныгы ак эмгеги менен элге таанылган, коомчулукка кадыр-баркы бар, илимий эмгектери чет тилдерге которулган, көп тармактуу илимий изилдөө жүргүзгөн илимпоздор илимий наамга ээ болушун каалайм.

Менин арызымды Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Президиумунун мүчөлөрүнө тааныштырып, ошондой эле бул маселенин чечилиши боюнча расмий жооп берип коюшуӊузду өтүнөм.

Тереӊ урматтоо менен:

Кыргыз Республикасынын Илимине эмгек сиӊирген ишмер, тарых илимдеринин доктору, профессор, Эл аралык Кувейт университетинин ректору А.С. Ормушев

7-август 2021-жыл.

Дареги:

Бишкек шаары.

Эл аралык Кувейт университети

Эл акыны Э. Ибраев көчөсү, 6а

тел: 0555-77-42-67; эл. почта: ikurectorat@gmail.com

Академияга арыз (2)

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM