Connect with us

Токаев казакстандык спортчулардын Олимпиададагы жыйынтыгына нааразы болду

Кыска кабар | 10 Авг 2021 | 1175 | 0

Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев өз өлкөсүнүн спортчуларынын Олимпиадада көрсөткөн жыйынтыгына нааразы болду. Бул тууралуу ал «Твиттердеги» баракчасына жазды.

Токаевдин айтымында, казакстандык спортчулардын Олимпиададагы көрсөткүчү өлкөнүн спорттук деңгээлине туура келбейт жана бул тармакка жумшалган каражатты актабайт.

«Токиодогу Олимпиада оюндарына Казакстандан 93 спортчу катышты. Жеңишке болгон эркин жана чеберчилигин көрсөткөн спортчуларга ыраазычылык билдирем. Олимпиаданын коло байге ээлерин куттуктайм. Ал — көп күндүк талыкпаган машыгуулардын жыйынтыгы. Бирок улуттук кураманын 8 коло медаль алып, жалпы эсеп боюнча 83-орунга жайгашышы Казакстандын спорттук деңгээлине жана мамлекеттин спортту өнүктүрүүгө жумшаган ири каражатына ылайык келбейт. Улуттук кураманын Олимпиададагы көрсөткүчү спорт тармагында реформа жүргүзүү керектигин айгинелеп көрсөттү», — деп жазган ал.

Аны менен бирге Токаев Токиодогу Олимпиада оюндарынан сабак алып, Парижде өтө турган оюндарда эл күткөн жыйынтыкты көрсөтүү керектигин белгилеген.

Белгилей кетсек, Токиодо өткөн Олимпиадада медалдардын саны боюнча биринчи орунду спортчулары 39 алтын, 41 күмүш жана 33 коло алып берген АКШ ээледи. Экинчи сапка 38 алтын, 32 күмүш жана 18 коло менен Кытай жайгашты. Ошондой эле 27 алтын, 14 күмүш жана 17 коло уткан Япония үчүнчү орун алды.

Борбор Азия мамлекеттеринин арасында Өзбекстан 3 алтын, 2 коло утуп, 32-орун алды. Кыргызстан 2 күмүш,1 коло менен 70-орунду ээледи. Түркмөнстан 1 күмүш медаль утуп, 77-орунга жайгашты. Ал эми куржунуна 8 коло байге салган Казакстан 83-орунду ээледи. Тажикстандын спортчулары Токиодогу Олимпиадада медаль ала алышкан жок.

Эскерте кетсек, Токиодогу Олимпиада оюндары 23-июлдан 8 августка чейин болуп өттү. Ага 200дөн ашык мамлекеттен 12 миңге жакын спортчу катышты. Кыргызстандан бул Олимпиадага 16 спортчу барды.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM