Биз менен байланышыңыз

Этникалык кыргыздар Кыргызстанда акысыз билим алат

Кыска кабар | 10 Авг 2021 | 658 | 0

Билим берүү жана илим министрлиги Кыргызстандын жогорку окуу жайларында акысыз окуу үчүн этникалык кыргыздар арасында бюджеттик орундарга сынак жарыялайт.

Сынакка Тажикстан, Өзбекстан, Кытай, Түркия, Казакстан өлкөлөрүнүн жарандары болгон этникалык кыргыздар катыша алышат.

Аталган категориядагы абитуриенттер төмөнкү документтерди бериши кажет:

  1. Министрдин орун басарынын атына арыз;
  2. Анкета;
  3. Паспорттун же туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн (эгер талапкер паспорт ала элек болсо) орус тилине же кыргыз тилине которулуп, нотариустан тастыкталган көчүрмөсү;
  4. Тиркемелери менен кошо билими тууралуу документтин (аттестат же диплом) орус тилине же кыргыз тилине которулуп, нотариустан тастыкталган көчүрмөсү;
  5. Билим деңгээли тууралуу маалымкат (Казакстан жана Тажикстандын жарандарынан башкаларга Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлигинде берилет);
  6. Үй-бүлөсүнүн курамы тууралуу маалымкат;
  7. Талапкерлердин академиялык чөйрөдөгү жетишкендиктерин тастыктай турган сертификаттар, грамоталар, дипломдор;
  8. 086-у медициналык маалымкаты;
  9. ВИЧ/СПИД жоктугу тууралуу маалымкат;
  10. 3х4 см өлчөмүндөгү 6 сүрөт.

Кыргызстанда жүргөн этникалык кыргыздар документтерин Билим берүү жана илим министрлигине 30-августка чейин тапшыра алат.

Документтерди төмөнкү дарек боюнча берүүгө болот: Бишкек шаары, К. Тыныстанов көчөсү, 257, Эл аралык кызматташуу жана өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүү бөлүмү, күн сайын саат 14:00дөн 17:30га чейин,телефон номери +996 312 621519.

Документтери толук эмес болгон же документтерди кабыл алуу аяктагандан кийин берилген өтүнмөлөр каралбайт.

Тажикстан, Өзбекстан, Түркиянын аймагында жүргөн этникалык кыргыздардын документтерин кабыл алуу ошол өлкөлөрдөгү Кыргызстандын элчиликтери тарабынан жүргүзүлөт.

Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилиги:

Документтер 30-августка чейин кабыл алынат;

Кабыл алуу убактысы: саат 14:00дөн 16:00гө чейин;

Кошумча маалымат үчүн төмөнкү дарекке кайрылыңыздар: Ташкент шаары, Мирзо-Улугбек району, Ниёзбек йули көчөсү, 6-проезд, 30-үй, тел.: +998 712374796, +998 909009214, e-mail: kgprotocol.uz@gmail.com

Кыргызстандын Тажикстандагы элчилиги:  

Документтер 30-августка чейин кабыл алынат;

Кабыл алуу убактысы: саат 14:00дөн 16:00гө чейин;

Кошумча маалымат үчүн төмөнкү дарекке кайрылыңыздар: Дүйшөмбү шаары, С. Носиров көчөсү, 56 «А», тел.: +992 887782223, e-mail: kg@kgembassy.tj

Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги:

Документтер 25-августка чейин  кабыл алынат.

Кошумча маалымат үчүн элчиликтин атташеси Бакытбек Бегимайга 0312 491 35 06 (07) телефон номери же b.bakytbek@mfa.gov.kg электрондук почтасына кайрылуу керек.

Арыздын жана анкетанын формасы, окуу жайлардын жана окуу багыттарынын тизмеси

Билим берүү жана илим министрлигинин сайты

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM