Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Турусбеков Ысык-Көлдү үчүнчү ирет сүзүп өттү.
Жекшемби күнү, 8-августта көлдүн бир жээгинен экинчи жээгине сүзүп өтүү боюнча жарыш өткөн. Ага катышкандар көлдүн тескейиндеги Тоң районунун Кара-Талаа айылынан күңгөйдөгү Ысык-Көл районунун Тору-Айгыр айылына чейин сүзүп келишкен.
Nomadsport компаниясы уюштурган жарышта депутат Бактыбек Турусбеков 14 чакырым аралыкты 5 саат 27 мүнөттө сүзүп өтүп, марага биринчи жеткен.
«Жашы 57ге келип калганына карабастан, ал өзүнүн жаш атаандаштарын жеңип алды. Мындай натыйжага жетишүүгө анын жаш кездеги тажрыйбасы жардам берди», — дейт уюштуруучулар.
Турусбеков Ысык-Көлдү алгачкы ирет 2018-жылы, андан кийин 2019-жылы сүзүп өткөн.