Биз менен байланышыңыз

Жеңиш чокусунда жоголгон ирандык эки альпинист изделүүдө

Кыска кабар | 10 Авг 2021 | 422 | 0

Жеңиш чокусунун аймагында жоголгон ирандык эки альпинист Мехри Жафари жана Реза Адинени издөө уланат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Кесипкөй куткаруучулар тобунун тик учактар менен издөө операциясы 6-августта башталган, азыркы кезге чейин уланууда.

Тышкы иштер министрлиги билдиргендей, азырынча издөө операциясынан натыйжа чыкпай жатат, буга альпинисттер түшүп кетип жоголгон (6 миңден 7 миң метрге чейинки) жердин альтитудасынын бийиктиги тоскоолдук жаратууда.

Жоголгон ирандык альпинисттерди издөө дагы уланат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM