Биз менен байланышыңыз

Баткен: Чек ара чырында жабыркаган 76 ишкерге 14,5 млн сом кенемте төлөнөт

Кыска кабар | 9 Авг 2021 | 451 | 0

28-30-апрелде кыргыз-тажик чек арасында болгон жаңжалда жабыр тарткан Баткен облусундагы ишкерлердин зыянын төлөп берүү тартиби бекитилди. Тиешелүү токтомго Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койду.

Маалым болгондой, «Айыл Банкка» жана «РСК Банкка» чек ара жаңжалында жабыр тарткан Баткен облусунун тургундарынын жана ишкерлердин 28-апрелге чейинки алган карыздарын белгиленген тартипте кечүү жана реструктуризация кылуу сунушталды.

Экономика жана финансы министрлигине Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы комитети менен макулдашып, 76 ишкерге төмөнкүдөй шарттарда 15,2 млн сом бюджеттик кредит берүү тапшырылды:

— насыянын суммасы – 200 миң сомдон;

— пайыздык чени – жылына 0,1 пайыз;

— насыяны төлөө мөөнөтү – 3 жыл, ар бир үч ай сайын бирдей төлөмдөр менен;

— күрөөсүз негизде;

— каржылык санкциялар – жылына 0,2 пайыз, алар кечиктирилген карыздын суммасына эсептелет;

— карыздын негизги суммасын төлөө боюнча жеңилдетилген мезгил – 1 жыл.

Ошондой эле Экономика жана финансы министрлиги жабыр тарткан ишкерлерге жалпы 14 млн 505 миң сом суммасында бир жолку кенемте төлөп бере турган болду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM